Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:23

Ооганстанда кыздардын мектепке баруусуна уруксат берүүнү талап кылган митинг өттү


Кыздардын мектепке баруусуна уруксат берүүнү талап кылган митинг. Кабул, Ооганстан. 26-март, 2022-жыл.
Кыздардын мектепке баруусуна уруксат берүүнү талап кылган митинг. Кабул, Ооганстан. 26-март, 2022-жыл.

26-мартта Кабул шаарында “Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган кыймыл) кыздардын мектепке баруусун тыйган чечимине каршы ондогон мугалимдер, окуучулар жана аялдардын укуктары үчүн күрөшкөн жарандар каршылык нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары тараткан видео-сүрөттөрдө көрүнгөндөй, акцияда мектеп формасын кийген кыздар менен чогуу турган аялдар “Мектептерди ачкыла!” деп жазылган плакаттарды кармап турушкан. Алар аялдардын мектепте иштөөсүнө, кыздардын билим алуусуна укугу бар экенин айтышты.

Иш-чаранын уюштуруучулары борбор калаадагы Билим берүү министрлигинин алдында башаталган жүрүш тынч аяктаганын кабарлашты.

“Талибан” кыймылы былтыр бийликке келгенден кийин мамлекеттик кызматтарда иштеген көпчүлүк аялдарды иштен бошоткон, кыз-келиндерди көчөдө өз алдынча жүрүүсүнө чектөө киргизген. Мындан сырткары 6-класстан жогору окуган кыздарды мектепке баруусуна тыюу салган. Тиешелүү министрлик мектептерди Ислам дининин мыйзамдарына ылайык иштетүү планы иштелип чыкканга чейин кыздар билим берүү мекемесине киргизилбей турганын маалымдаган.

Эл аралык уюмдардын эсебинде жети-сегиз айдан бери мектепке каттай албай жаткан ооган кыздарынын саны 1 миллиондон ашат. Бириккен Улуттар Уюму, анын ичиндеги ЮНИСЕФ жана Human Rights Watch уюму, бир катар өлкөнүн өкмөттөрү талибдерди кыздардын билим алуусуна уруксат берүүсүн талап кылышкан.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда. (ErN)

XS
SM
MD
LG