Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 26-мартта Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу аймактарында кар жаайт. Дээрлик бардык тоолуу автоунаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар.
Абанын температурасы:
Нарын, Ысык-Көл облустарында түнкүсүн -4...+1, күндүз 7...12,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 14...19,
Ош, Жалал-Абад, Баткен дубандарында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20°.
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 3...5, күндүз 18...20°.