Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Мариупол багынган жок, Киевге сокку урулду


Киевдеги сокку урулган соода борбору, 21-март 2022-жыл.
Киевдеги сокку урулган соода борбору, 21-март 2022-жыл.

Украинанын курчоодо турган Мариупол шаары орус күчтөрүнө багынып берүүдөн баш тартты. Дүйшөмбүгө караган түнү орус армиясы Украинанын баш калаасы Киев баштаган айрым аймактарга сокку урууну улантты.

Дээрлик жарым айдан бери орус күчтөрүнүн курчоосунда турган Мариупол шаарында абал оор. Согушка чейин 400 миңдей адам жашаган бул шаарда азык-түлүк жана таза суу тартыш.

Соңку бир нече күндөн бери көчөлөрдө атышуулар уланып жатат. Reuters жаңылыктар агенттиги жарыялаган видеолордон капкара болуп өрттөнгөн имараттарды, көчө боюнда жаткан адамдардын сөөгүн көрүүгө болот.

Айрым тургундар өлгөндөрдүн сөөктөрүн көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында жерге берүүгө аргасыз болуп жатышат. Жай казгандардын бири мариуполдук Андрей бул убактылуу чара экенин, өлгөндөр кайра башка көрүстөнгө коюлат деп үмүт артып жатканын "Reuters" агенттигине айтып берди.

"Армия сөөктөрдү муздак жерге алып барып тургула деди. Азыр эң муздак жерлер - булар жер төлөөлөр. Бирок жер төлөөлөрдө эл баш калкалап жатат. Ал жакка сөөктөрдү алып барганга болбойт. Биз бул жакка көмө туралы дедик", - деди Андрей.

Мариуполдо өлгөндөрдү жерге берүү үчүн жай казгандар, 20-март 2022-жыл.
Мариуполдо өлгөндөрдү жерге берүү үчүн жай казгандар, 20-март 2022-жыл.

Курчоодо калган шаар

Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымды Украинанын чыгышындагы Кремл колдогон жикчил аймактар менен бириктирүү үчүн орто жолдогу Мариупол шаарына көзөмөлүн орнотууга аракет кылып келет. Орус армиясы украин бийлигинен 21-мартта Москва убактысы боюнча таңкы саат 5те шаарды өткөрүп берүүнү талап кылган.

Орус тарап Мариупол багынып бергенден кийин шаардан чыгыштагы Орусиянын аймагын жана батыштагы Украинанын башка облустарын көздөй гуманитардык коридор ача турганын билдирген. Москва бул талап четке кагылса, кандай чара көрөрүн так белгилеген эмес.

Бирок украин бийлиги жана Мариупол шаары бул талапты аткаруудан баш тартты. 21-мартта Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук шаарда багынып берүү же куралды таштоо жөнүндө сөз болбой турганын, бул тууралуу орус тарапка маалымат берилгенин айтты. Шаардын мэри Петр Андрющенко белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин эле Мариупол багынбай турганын Фейсбукка жазды.


20-мартта Орусия Азов деңизинин жээгиндеги бул шаардагы 400дөй адам баш калкалап жаткан өнөр мектебин бомбалады. Жергиликтүү бийлик мектептин урандыларынын алдында адамдар бар экенин билдирип, канча киши жабыркаганын так айта элек.

16-мартта орус күчтөрү Мариуполдо миңдей тургун баш пааналап жаткан театрга да сокку урган. 130дай адам аман куткарылганы кабарланганы менен урандылардын алдында дагы канча киши бар экени белгисиз.

Мариуполдон чыгып кетүүгө ашыккан тургундар, 17-март 2022-жыл.
Мариуполдон чыгып кетүүгө ашыккан тургундар, 17-март 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-марттагы видео кайрылуусунда? Мариуполдо согуш кылмыштары орун алып жатканын айтты.

"Мариуполду блокадалоо согуш кылмыштары үчүн жоопкерчилик катары тарыхка кирет. Оккупанттардын тынч шаарга мындай кылганы террор катары кылымдар бою элдин эсинде калат. Канчалык көп украиндер бул тууралуу дүйнөгө айткан сайын, ошончолук көп колдоо ээ болуп жатабыз. Орусия Украинага каршы террорду канчалык көп колдонсо, өзү үчүн ошончолук кесепети оор болот", - деди Зеленский.

Уланган уруш, жыйынтыксыз сүйлөшүүлөр

Украинадагы согушту "атайын аскердик операция" деп мүнөздөгөн орус бийлиги украин шаарларында жайкын тургундарды бутага албаганын белгилеп келет.

Кантсе да 21-мартка караган түнү орус күчтөрү Киевдин борбордук бөлүгүнө жакын жайгашкан соода борборуна сокку урду. Куткаруу кызматтары ырастагандай, снаряд аткылоосунан кеминде 4 киши каза тапты. Киевдин мэри Виталий Кличко дүйшөмбүнүн кечинен тарта борбор калаада 35 сааттык коменданттык саат жарыялады.

Орус күчтөрүнүн мындай чабуулдары уланып жаткан шартта Киев менен Москва ортосунда согушту токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөр да өтүп жатат. Бирок алардан майнап чыга элек.

Украин президенти Владимир Зеленский жекшембиде CNN телеканалы менен маегинде орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтты.

"Эгер бизде согушту токтотуу 1 пайыз гана мүмкүнчүлүк болсо да, менимче, биз ал мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек", - деди Зеленский.

21-мартта Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эки өлкөнүн президенттери жолугардан мурда тынчтык сүйлөшүүлөрүндө олуттуу жылыш болушу керек экенин белгиледи.

"Эки президенттин жолугушуусу тууралуу сөз болушу үчүн алгач "үй тапшырманы" аткаруу керек. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын макулдашуу керек. Азырынча орчундуу жылыш камсыз кылына элек. Азырынча эки президент беките турган макулдашуу жок", - деди Песков.

Орусия менен Украинанын делегацияларынын алгачкы сүйлөшүүлөрүнүн бири.
Орусия менен Украинанын делегацияларынын алгачкы сүйлөшүүлөрүнүн бири.

Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу орус-украин делегациялары "олуттуу" маселелер боюнча мунаса табууга жакындап калганын, жакын арада ок атышпоо келишими болот деп үмүт артып турганын айткан.

Андан мурдараак Чавушоглу Антальяда Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавровдун ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөргөн.

Курмандыктардын саны өсүүдө

Аскердик эксперттер жана байкоочулардын айтымында, соңку күндөрү орус күчтөрү Украинанын аймактарында мурдагыдай алдыга жыла албай калды. Бирок орус армиясы күн сайын жылыш бар экенин билдирип жатат.

Бириккен Улуттар Уюмунун 20-марттагы маалыматына ылайык, Украинанын 44 миллиондой калкынын кеминде 10 миллиону жер которууга аргасыз болду. Алардын 3,4 миллион коңшу өлкөлөргө качты.

Уюмдун адам укуктары боюнча кеңсеси билдиргендей, Украинада согуш башталгандан бери кеминде 902 жайкын тургун мерт болуп, 1,5 миңдей жараат алды. Бирок адистер согуштун бейкүнөө курмандыктарынын чыныгы саны мындан да жогору болушу мүмкүндүгүн эскерип жатышат.

Украина менен Орусия бул согушта так канча аскеринен айрылганын да көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн болбой келет.

Украин президенти Зеленский 20-марттагы кайрылуусунда, Орусия 14 миң аскерин жоготконун айткан. Москва 498 жоокери Украинада мерт болгонун гана мойнуна алган. Расмий Киев согушта 1300дөй украин аскери курман болгонун билдирип жатат.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG