Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:19

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу ачылды


Бишкек-Торугарт унаажолундагы кар көчкү.
Бишкек-Торугарт унаажолундагы кар көчкү.

Бүгүн, 19-мартта саат 12:00дөн тарта Бишкек - Нарын - Торугарт жолу бир тараптуу ачылды. Жолду кеңейтүү иштери уланууда. Жолго түшкөн көчкүнүн 32 300 метр кубу тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ал эми Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жакыпбек Жумаев учурда аймакта жол көзөмөл кызматынын алты посту иштеп жатканын билдирди.

Ушул тапта көчкүдөн өтө албай турган 200гө жакын жүк ташуучу автоунаа бар. 20 мүнөт сайын бештен автоунаа коё берилмекчи. Маалыматка ылайык, жол толук тазаланып бүтө электигине байланыштуу чектөөлөр кирген.

Айдоочулардан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так сактоо талап кылынууда.

17-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт автожолундагы Долон ашуусунун эки жеринде кар көчкөн. Ашуунун 294-чакырымында 225 миң метр куб кар көчүп, анын 47 миң метр кубу жолго түшкөн. 296-чакырымында 900 миң метр куб кар көчүп анын 38 миң 250 метр кубу автожолго түшкөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Көчкүнү тазалоого 11 техника тартылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери иштеп жатат.

ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Казарман – Актал – Чат, жана Каракол - Эңилчек автожолдорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн экенин эскертти.

Туруксуз аба ырайыдан улам Бишкек-Ош жолуна жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. (MiK/ZKo)

XS
SM
MD
LG