Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Украин-орус сүйлөшүүлөрү үзгүлтүксүз жүрүп жатканы айтылды


Михаил Подоляк.
Михаил Подоляк.

Буга чейин үч жолу Беларустун аймагында өткөн украин-орус сүйлөшүүлөрү азыр онлайн форматта уланып жатканын 12-мартта "Коммерсант" басылмасына Украинанын президенттик кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди.

Анын айтымында, видеоформаттагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүксүз жүрүп жатат жана атышууну токтотуу жолдору боюнча он чакты сунуш каралууда.

“Айрым юридикалык форматтар иштелип чыккандан кийин төртүнчү жолугушуу белгиленет. Балким эртең, а балким бүрсүгүнү” деген Подоляк орус тарап биринчи сүйлөшүүдө көтөрүп чыккан “денацификация” деген теманы көтөрбөй калганын, мындай айып коюунун өзү негизсиз экенин, себеби Украинада нацизмдин жана фашизмдин бардык түрлөрүнө мыйзам негизинде тыюу салынганын айтты.

Ал эми өлкө президенти Владимир Зеленский сүйлөшүүлөр мазмундуу боло баштаганын чет өлкөлүк журналисттер үчүн курган пресс-конференцияда айтты.

Дээрлик күн сайын өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экенин орус президенти Владимир Путин Беларустун президенти Александр Лукашенко менен Кремлде жолукканда белгиледи.

Орусия 24-февралда Украинага кол салып, бул өлкөнү "демилитаризациялоо жана денацификациялоо” үчүн атайын операция баштаганын билдирген.

2-мартта дүйнөнүн 141 өлкөсү Кремлдин мындай аракетин агрессия деп баалап, Орусия Украинанын аймагына кирген куралдуу күчтөрүн тез арада алып кетиши, күч колдонууну токтотушу керектигин айтып чыгышкан.

Атышуу дале уланууда. Эки тараптан тең жоготуулар миңдеп саналары кабарланууда.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

12-мартта кезектеги видеокайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский Орусия Украинага басып кирген үч апта ичинде кээ бир шаарлар тыптыйпыл болуп, жок кылынганын, өлкөдөн 2,5 миллион адам качып чыгууга мажбур болгонун, курчоодо калган айрым аймактарда адамдар тузакта отурганын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG