Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

Киевге чабуул: Кремл согуш тактикасын өзгөрттү


Украина. Орусиялык аскер күчтөрүнүн аёосуз аткылоосуна дуушар болгон аймактар.
Украина. Орусиялык аскер күчтөрүнүн аёосуз аткылоосуна дуушар болгон аймактар.

Орусиялык күчтөр Киевге жакындап, туш тараптан чабуулун күчөткөнү кабарланууда. Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө бурулуш учурда турганын айтты. Бүгүн таңдан бери Киев баш болгон шаарларда аба сиреналары жаңырып, калкты авиасоккулардан сактанууга чакырып турду.

Киевди камалаган чабуулдар

Орусиянын Украинага кол салганынын 17-күнүндө Киев шаарынан түндүк-батышта айыгышкан салгылаш башталды.

Британиянын Коргоо министрлиги орусиялык жөө аскерлердин негизги бөлүктөрү Киевге 25 чакырым жакындап келгенин билдирди. Анын айтымында, курчоодогу аймактар оор артиллерия жана танктардан аткыланууда.

Киевдин жанындагы Подол шаарында жардыруу болуп, Сбербанктын имаратында өрт чыкканы кабарланды. Киев облусуна урулган аба соккуларынан Квитневе айылындагы азык-түлүк кампалары күйүп кетти. Авиабомбанын соккусунан Черниговдогу "Украина" мейманканасы талкаланды.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орусиялык аскерлер Киевден башка Николаев, Сумы, Васильков жана Кропивницкий шаарларын аткылаганын билдирди.

Мындан сырткары Киевдин түштүгүндөгү Украинанын аскердик аэродромуна ракеталык соккулар урулганы кабарланды. Васильков шаарынын мэри бул аткылоодон аэродромдун учуп-конуу тилкеси, күйүүчү май жана ок-дары сакталган кампалары кыйрап, жарылуу болгонун ырастады.

Адам өлүмү жана жабыркагандар тууралуу азырынча эки тараптан тең расмий маалыматтар чыга элек.

"Украинанын тагдыры чечилчү учур"

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку оор соккуларга туруштук берүү абдан маанилүү экенин айтып, согуштагы чечүүчү учур жакын калганын билдирди:

Владимир Зеленский. Украинанын президенти.
Владимир Зеленский. Украинанын президенти.

"Украин жерин баскынчылардан бошотуу үчүн дагы канча күн керек экенин айтуу кыйын. Бирок биз умтулган нерсеге жетүү үчүн бардыгын жасайбыз. Анткени биз азыр стратегиялык чечүүчү учурга келип жеттик. Азыр мына ошол бурулушка, биздин жеңишке карай баратабыз. Бул ата мекендик согуш. Бул өз жоокерлерин улам өлүмгө айдактап жаткан көк бет, өжөр душман менен жүрүп жаткан согуш. Азыркы маалда бүт Орусия боюнча резервисттер менен милдеттүү аскердик кызматтагыларды чогултуп, согуш отуна салып жатат. Биздин элге каршы бир кезде ушул эле оккупант талкалаган Сириядан жалданма башкесерлерди жумшайт деген кимдин оюна келсин", - деди Зеленский.

Ишке ашпаган "чагылгандай тез согуш". Путиндин жаңы буйругу

Ошол эле кезде Орусиянын президенти Владимир Путин 11-мартта коргоо министри Сергей Шойгуну өзүнчө кабыл алып, Украинадагы “атайын аскердик операциянын” абалын талкуулаганы кабарланган.

Анда президент Путин өлкөнүн батыш чек араларын жана ага жакын аймактардагы коргонууну чыңдоого жана чабуулдарды күчөтүүгө буйрук берди.

Бирок ал Орусиянын батышындагы кайсы чек ара тилкелери тууралуу сөз болуп жатканын тактаган эмес.

Владимир Путин. Орусиянын президенти.
Владимир Путин. Орусиянын президенти.

"Орусиянын батыш чек араларын бекемдөө боюнча айта турган болсом, мунун бардыгы НАТО өлкөлөрүнүн жасаган аракеттерине биздин жообубуз. Бул маселе өзүнчө кароону талап кылат. Ошондуктан мен сизден бул тууралуу атайын баяндама даярдап, аны талкуулоонун жыйынтыгы менен бардыгын тааныштырууну өтүнөм. Анан ошого жараша жакынкы убакта тиешелүү чечим кабыл алынат", - деп билдирди президент Путин.

Орусиянын Украинага басып киргенине үчүнчү жумага аяк басты. Аскердик эксперттер Путиндин блицкриг же болбосо “чагылгандай тез согуш” планы ишке ашпай калып, соңку мезгилде согуш эрежелерине сыйбаган ыкмаларды колдонуп, жарандык объектилер менен турак жайларды бомбалап жатканын белгилешти.

Аваков: Жакында согуштун активдүү фазасы бүтөт

Украинанын мурдагы ички иштер министри Арсений Аваков Путиндин улам күч топтоп, кайрадан жапырт соккуларды уруп жатканынын негизги себептерин чечмеледи:

Арсений Аваков. Украинанын мурдагы ички иштер министри.
Арсений Аваков. Украинанын мурдагы ички иштер министри.

"Менимче, биз азыр баштан кечирип жаткан мындай активдүү фаза бир нече күндө бүтүшү керек. Эң көп дегенде үч жуманын ичинде. Мен мына ушундай болжолдойм. Себебин түшүндүрөйүн, Путин жана анын Украинага киргизген фашисттик ордосу оор абалда. Баскынчы киргизген оккупанттык жана агрессивдүү топтордогу аскерлердин саны 200 миңге жакын. Бирок оор жоготууга учурады. Катуу каршылык көрсөтүп жатабыз. Алар басып кирген аймактар тозокко айланды. Муну алар аябай оор кабыл алышты. Ошондуктан бул нерсе биздин шаарларды тынымсыз мыкаачылык бомбалоонун бир себеби", - деди Украинанын мурдагы ички иштер министри Арсений Аваков.

Курчоодогу Мариупол

Украинанын Тышкы иштер министрлиги 12-мартта Орусиянын аскер аба күчтөрү Мариуполдогу шаардык мечитти аткылаганын, анда 80ден ашуун чоң кишилер менен балдар болгонун маалымдады. Мечитте баш калкалагандардын арасында түрк жарандары дагы болгон.

Мечитте каза болгондор же жараат алгандар тууралуу маалыматтар такталып жатканы айтылды.

Мариуполдун мэриясы өткөн 17 күндө чабуулдардын натыйжасында каза тапкандардын саны 1500дөн ашканын билдирди.

Ушул аптада шаардагы төрөт үйүн аткылоо эл аралык коомчулукту кыжырдантып жаратып, Москваны аскердик кылмыштарга айыптагандар көбөйдү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Украинадагы медициналык мекемелерге жалпысынан 29 жолу чабуул коюлганын ырастады. Анын натыйжасында 12 адам, анын ичинде эки медицина кызматкери каза таап, 34 адам жараат алган.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук өлкөнүн курчоодогу аймактарынан, анын ичинде Мариуполдон жай тургундарды чыгарып кетүү боюнча гуманитардык коридорлор ачыларына үмүттөнүп, Орусиянын ок атышпоону камсыздоо убадасына турарына ишеним артты.

Аба соккуларына дуушар болгон курчоодогу Мариупол шаары. 10-март, 2022-жыл.
Аба соккуларына дуушар болгон курчоодогу Мариупол шаары. 10-март, 2022-жыл.

Бирок ага карабастан, орусиялык аскер күчтөрү Киевден 470 чакырым түштүктө жайгашкан Николаевге да чабуулун күчөтүп, шаарды курчоого алуу аракетин көрүп жатканы кабарланды.

12-марттагы улам жаңыланган маалыматтар боюнча борбордун түндүк-батышында салгылашуулар уланып, Харьков, Чернигов, Сумы жана Мариупол шаарлары орусиялык аткылоолорго дуушар болду. Киевге бир нече фронттон жасалган чабуулдардын мизи кайтарылып жатканы маалымдалды.

БУУнун маалыматы боюнча согуштун айынан 2,5 миллиондон ашуун калк Украинадан чыгып кетти, дагы 2 миллиондой адам өлкөнүн ичинде жер которууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG