Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:18

Жалал-Абад: Батыровго таандык болгон батирлер боюнча тендер жарыяланды


Жалал-Абад шаары. Көк-Арт кичи шаарчасындагы үй.
Жалал-Абад шаары. Көк-Арт кичи шаарчасындагы үй.

Жалал-Абад мэриясы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кадыржан Батыровго таандык болгон, кийин шаар башкармалыгына өткөн 36 батирдин наркын аныктоо үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу 10-мартта “Азаттык” радиосуна Жалал-Абаддын вице-мэри Азамат Раматиллаев билдирди:

“Мыйзам боюнча биз ал батирлерди сатышыбыз керек. 15 жылдан бери өз каражатына оңдоп алып жашап жаткан азыркы тургундарга саталы деп жатабыз. Ал үчүн көз каранды эмес баалоочуларга тендер жарыяладык. Жакынкы күндөрү үйлөрүнө барып, эсептөө жумуштарын жүргүзүп, жеңилдетилген шартта баалап беребиз. Анткени муниципалдык батирлерди бекер берсек мыйзамга туура келбей калат экен. Батирлерди басып алышкан кезде курулуш кандай болсо, баасы ошого карап чечилет. 2006-жылы бул үйлөрдүн коробкасы гана болгон экен”.

Жалал-Абад шаарындагы Көк-Арт кичи шаарчасында жайгашкан 52 батирлүү төрт кабаттуу үйдүн 36 батирин азыркы тургундар 2006-жылы басып алышкан. 2016-жылы батирлер мэриянын карамагына өткөн.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы мурдагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеген Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда "улут аралык жаңжалды козуткан", "жикчилдикке чакырган", "калайман башаламандык уюштурган" деген айып тагылган жана ал өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн.

Июнь окуяларынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда көз жумган. (TB)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG