Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:42

Депутаттар өкмөттүн кризиске каршы программасын талап кылууда


Жогорку Кеңеш имараты.
Жогорку Кеңеш имараты.

Жогорку Кеңеш улуттук валютанын куну түшүп, экономикада түзүлгөн соңку абалга байланыштуу Министрлер кабинетинин маалыматын угууну талап кылды. Бул маселени парламенттин 10-марттагы отурумунда бир катар депутаттар көтөрүштү.

Депутат Эмил Токтошев: «Орус рублинин куну мурда болуп көрбөгөндөй түштү. Орус мамлекетине дүйнөлүк экономикалык санкциялар салынды. Ушунун баары бизге да кесепетин тийгизип жатат, себеби кыргыз экономикасы толугу менен Орусиядан көз каранды жана байланыштуу. Сомдун куну кетип, азык-түлүк кескин кымбаттап жатат. Бүгүн Министрлер кабинети келип, антикризистик программасын айтып, алдын ала иш-чараларды көрсүн”, - деди.

Депутат Адахан Мадумаров Орусиядан учак менен кайтууда, ошол жакта каза болгон мекендештердин сөөгүн алып келүүдө кыйынчылык жаралып жатканын, билеттер кымбаттап кеткенин айтты.

Депутат Миргүл Темирбаева Орусиядан авиа каттамдар үзгүлтүккө учурап жатканына байланыштуу мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар үчүн темир жол каттамы боюнча маселени чечүү керектигин белгиледи:

"Казакстан жана Орусия менен сүйлөшүүлөр, макулдашуулар тездетилсе. Жок дегенде темир жол каттамы батыраак ишке кирсе биздин мекендештердин Кыргызстанга кайтуусуна бир аз жеңилдик болот эле”.

Депутат Айбек Осмонов “Азыр баары кымбаттап жатат күндөн күнгө. Биздин аткаруу бийлиги, өкмөт эмне жумуш кылып жатат ушул боюнча? Туура, бардык мамлекеттерде кымбаттап жатат, бирок бизде айрыкча кымбат. Резервдик фонддон, Улуттук банктан чакырсак” деген сунушун айтты.

Депутат Алишер Козуев өкмөттүн антикризистик программасына кызыгып, “Жазгы талаа жумуштары боюнча министрлик 40 миң тонна күйүүчү май даяр деп айтты эле. Нефтетрейдерлер бул жолу сезилерлик кымбаттоо болорун айтып жатат. Күйүүчү май 10-15 сомго кымбаттайт деп жатышат. Жазгы талаа иштерине министрлик майды мурдагы баада бере албайт” деп билдирди.

Жыйында айтылгандай, Министрлер кабинети маалымат берүү үчүн парламенттин бүгүнкү жыйынына саат 14:00гө чакырылат. (RK)

XS
SM
MD
LG