"Манас" эл аралык аэропортуна Монголиядан алгачкы каттам конду.
6-март күнү "Улан-Батор-Бишкек-Улан-Батор" багытындагы үзгүлтүксүз каттам ишке киргенин аэропорттун басма сөз кызматы кабарлады. Биринчи каттам менен 95 жүргүнчү келип, 66 адам учуп кетти. Эми ар жекшембиде каттамды Монголиянын "Хунну эйр" компаниясы аткарат.
Ошондой эле 6-мартта Ош шаарынан Сауд Арабиянын Жидда шаарына биринчи каттам уюштурулду. Анда 138 жүргүнчү учуп кетти.
Ош-Жидда-Ош багытындагы учууларды жекшемби сайын Кыргызстандын "Эйр Манас" компаниясы аткарат.