Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:18

МАГАТЭ башчысы өзөктүк келишим жөнүндө Иранда билдирүү жасады


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Гросси жана Ирандын Атомдук энергия уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами. Тегеран, Иран.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Гросси жана Ирандын Атомдук энергия уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами. Тегеран, Иран.

БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси 5-мартта Иранга иш сапар менен келип, өлкөнүн расмий жетекчилери менен кайрадан жолугушууларды өткөрдү.

Гросси кездешүүлөрдө “жемиштүү пикир алмашуулар болгонун” маалымдап, бирок Иранда “дагы чечилиши зарыл маселелер бар экенин” кошумчалады. Ал Тегеран менен сүйлөшүүнү дагы үч-төрт ай улантууну сунуштады.

Ирандын атомдук энергиясы боюнча мекемесинин жетекчиси Мухаммед Эслам Гросси менен сүйлөшүүдөн кийин “Иран менен МАГАТЭ 21-июнга чейин документтерди алыш-бериш кылып, бир сыйра талкуу өткөрүшөрүн” кошумчалады.

МАГАТЭнын кварталдык отчётторунда Иран акыры мезгилдерде өзөктүк курал жасоо үчүн иштетилчү байытылган урандын корун кескин көбөйткөнү айтылат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина менен согушка байланыштуу өлкөгө киргизилген санкциялардын фонунда, Иран менен өзөктүк келишимге кол коюу үчүн “мындан ары санкциялар болбойт” деген кагаз жүзүндөгү кепилдикти талап кыларын маалымдаган.

Жаңы келишим боюнча Венадагы сүйлөшүүлөр бир жыл мурдараак башталганы менен тараптар бир пикирге келе албай жатат. Өткөн айларда Батыш өлкөлөрү ал чечүүчү чекке келип калганын кабарлашкан. Тегеран санкцияларды жумшартуу шарты менен өзөктүк курал программасына чектөө киргизүүгө макул болду.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан. Тараптар Венада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG