Белгилүү дин аалымы Молдо Сабыр ажы Досболов көз жумду. Сөөгү 5-мартта Бишкекте жерге берилерин жакындары билдиришти.
Молдо Сабыр деп таанылган дин аалымы 1955-жылы Баткендин Зардалы айылында туулган.
2017-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын мүчөсү болгон. "Маданий борбор" кайрымдуулук мекемесин негиздеп, башкарып келген.
Ислам динине байланыштуу ондон ашуун китептин автору.