Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:42

Орусиянын авиасоккуларынан Украинанын Чернигов шаарында 50дөй адам өлдү


Орусиянын авиациялык күчтөрүнүн соккуларына кабылган Чернигов шаары.
Орусиянын авиациялык күчтөрүнүн соккуларына кабылган Чернигов шаары.

Орусиянын авиациялык күчтөрүнүн соккуларынан Украинанын Чернигов шаарында каза болгон жайкын тургундардын саны 47 адамга жетти. Бул тууралуу Чернигов облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жергиликтүү бийликтер кабарлагандай, орус учактары турак жайларды да аткылап жатышат.

Орусиянын бийлиги согуштук аракеттер башталгандан бери Украинанын аскердик объектилери гана аткыланып жатканын, турак жайларга кол салынбай турганын маалымдап келет. Бирок алардын октору, ракеталары жана бомбалары көп кабаттуу үйлөргө жана жер үйлөргө тийип жатат.

Чернигов шаары Беларус менен чек арага жакын жайгашкан. Украин бийликтери бул жакка жасалган кол салуу Беларустун аймагынан чыккан орус күчтөрү тарабынан жасалып жатканын кабарлоодо.

Орус тарап Украинанын дээрлик бардык аймактарында чабуул жасоодо. Эң негизги аткылоолор Киевге жана Харьковго жасалды. Күн мурун Орусиянын Коргоо министрлиги алардын аскерлери Украинанын Херсон шаарын толук басып алып, өз көзөмөлүнө алганын ырастаган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Салгылашууда жүздөгөн адам каза болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG