Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:16

Клиникалык тез жардам ооруканасы каттоодон өттү


Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп Юстиция министрлигинен кайра каттоодон өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Оорукананын башкы дарыгери Памир Муратов укуктук маселелер чечилип, кийинки кадам жаңы бөлүмдөрдү ачуу экенин белгиледи.

"Кардиология, неврология жана башкалар. Учурда Саламаттык сактоо министрлиги жана милдеттүү камсыздандыруу фонду менен биргеликте каржылоого байланышкан маселелердин үстүндө иштеп жатабыз. Жакынкы арада оорукана кадимкидей иштей баштайт деп ойлойм", - деди Памир Муратов.

4-февралда Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана ортопедия илимий борборунун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошоткон. Борбор жоюлуп, ордуна Клиникалык тез жардам ооруканасы иштей баштарын билдирген.

Травматология жана ортопедия илимий борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөндөн кийин директорлук кызмат жоюлган. Оорукананы башкы дарыгер жетектейт.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукананын базасында түптөлгөн.

XS
SM
MD
LG