Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:55

Украина: АЭСке өрт өчүрүүчүлөр кое берилди


Украинадагы Запорожье облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Старух өрт өчүрүүчүлөр АЭСтеги тилсиз жоо менен күрөшүп башташканын билдирди.

Буга чейин орус армиясынын тынымсыз аткылоосунан улам өрт өчүрүүчүлөр атомдук электростанцияга жакындай албай турушкан.

Айрым маалыматтарга караганда, ракеталык сокку биринчи энергоблокко тийген. Ал жакта план боюнча оңдоп-түздөө иштери башталган. Бирок ичинде өзөктүк отун бар болчу.

АЭСтин маалымат катчысы Александр Туз «Би-би-си» орус кызматына билдиргендей, аткылоо токтоду, бирок кырдаал белгисиз бойдон турат.

4-мартка караган түнү Энергобар шаарында жайгашкан атомдук электростанцияда Орусиянын аткылоосунан улам өрт тутанганы маалым болгон.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиядан токтоосуз аткылоону токтотуп, өрт өчүрүүлөргө жол ачып берүүнү талап кылган. Ал бул тууралуу «Твиттерге» жазды.

«Өрт тутанды. Эгер ал жарылса, Чернобылдан он эсе жаман алаамат болот. Орусия токтоосуз аткылоону токтотуп, өрт өчүрүүлөргө жол ачып бериш керек»-деген Кулеба бул Европадагы эң ири атомдук электростанция экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG