Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

АКШнын элчилиги америкалыктарды Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды


АКШнын Москвадагы элчилиги.
АКШнын Москвадагы элчилиги.

АКШнын Москвадагы элчилиги америкалык жарандарды Орусиядан чукул чыгып кетүүгө үндөдү. Мындай чакырыкка көпчүлүк мамлекеттер орусиялык авиакомпаниялар үчүн аба мейкиндиктерин жапканы себеп болду.

“Авиакомпаниялар биринин артынан учууларын токтотуп жатышат. АКШнын жарандары азырынча жеткиликтүү болуп турган коммерциялык варианттар менен Орусиядан чыгып кеткени жакшы”,-деп айтылат америкалык дипломатиялык миссиянын сайтында.

Орусиянын Украинага чабуулу Батышта кескин айыптоо менен кабыл алынып, Экинчи дүйнөлүк согуштан берки европалык мамлекетке жасалган ири чабуул деп аталууда. Бул Европа Биримдигинин, АКШнын, Улуу Британиянын жана башка мамлекеттердин катуу санкцияларына алып келди.

Европада Орусиянын учактарына аба мейкиндигин жапкан өлкөлөрдүн саны 20га чукулдады. 27 -февралда Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен Европа Биримдиги орусиялык аба компанияларга жана жеке менчик учактарга өз аба мейкиндигин толук жаба турганын жарыялаган.

"Аэрофлот" 28-февралдан тартып Европага учууларын толук токтотконун маалымдады.

Орусия Украинага 24-февралдын таңында кол салган. Андан бери Украинанын бир катар аймактарында украин армиясы менен орус күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу жүрүп жатат. (ErN)

XS
SM
MD
LG