Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:42

Улуттук банк валюта базарында абал туруктуу экенин билдирди


Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

Кыргызстандын валюта базары салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева 28-февралда валюта базарындагы кырдаал боюнча өткөн маалымат жыйында билдирди.

"Улуттук банк валюта рыногу талап кылса керектүү өлчөмдө интервенция кылууга даяр".

Карабаеванын айтымында, 1-мартта сомдун эсептик ченин аныктаган маалымат таратылат. Буга чейин Улуттук банк үч жолу интервенция жасап, 169 млн. долларды каржы базарына чыгарган. Акыркы жолу 24-февралда 14 млн. доллар саткан.

Улуттук банктын алтын-валюталык резерви 2 млрд. 764 млн. долларды түзөт жана алты айга жетет.

Мекеменин расмий өкүлү Орусиянын банктарынын SWIFT системасынан чыгарылышы мигранттардын акча которууларына эч кандай таасир этпей турганын айтты. Аларды акча которо берүүгө чакырды.

Буга чейин Улуттук банк айрым орус банктарын SWIFT - банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрүлүү ыктымалдыгына байланыштуу билдирүү тараткан.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылган. Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги Кыргызстан банктарынын кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт.

XS
SM
MD
LG