Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралда өткөн парламенттик кайра шайлоонун добуштары кол менен саналып бүттү. Ага ылайык, Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев жеңди.
Боршайкомдун маалыматына караганда, эки округда катталган 219 миң 654 шайлоочунун 49 миңдейи же 25% пайызга жакыны добуш берди.
Свердловдон талапкер болгон Шайлообек Атазов шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Ал бул округдан алдыга чыккан Муртазалиевди добуш сатып алууга айыптады. Муртазалиев мурдараак добуш сатып алууга байланыштуу маалыматтарды чагым катары сыпаттаган.
Эки округда былтыр 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, шайлоо кайра дайындалган.