Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:55

Жапаров кыргызстандыктарды алтын сатып алууга чакырды


Садыр Жапаров Кумтөрдө. Архив.
Садыр Жапаров Кумтөрдө. Архив.

Президент Садыр Жапаров дүйнөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргыз экономикасындагы жагдай боюнча кайрылуусунда чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырды.

"Каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү. Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Эч кандай төлөмдөр да жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет. Алтын эч качан кунун жоготпойт", - деген Жапаров.

Президенттин айтуусунда, алтын сатып алган жарандар кайсы убакыт болбосун Улуттук банкка сатып ийсе болот.

Улуттук банктагы алтындын баасы менен бул шилтемени басып таанышыңыз.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну арзандап жатат.

Улуттук банк 28-февралда айрым орус банктарын SWIFT - банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системадан өчүрүү ыктымалдыгына байланыштуу билдирүү таратты.

Анда Кыргызстандын коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылганы айтылат. Орусиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүлүшү Кыргызстандын банктарынын кардарларынын төлөмдөрүнө таасир этпей турганы жазылган.

XS
SM
MD
LG