Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:22

Евробиримдик Украинага истребителдерди берет


Украинанын истребителдери.
Украинанын истребителдери.

Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер Киевдин суранычы менен Украинага аскердик истребителдерди жөнөтөт. Бул тууралуу уюмдун тышкы саясат мекемесинин башчысы Жозеп Боррел билдирди.

Мунун алдында Евробиримдик өз тарыхында биринчи жолу буга чейин болуп көрбөгөндөй кадамга барып, Украинага курал-жабдык сатып берүүнү көздөп жатканын Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен айткан.

Анда абадан коргонуу, танктарга каршы системаларды жана башка аскердик техниканы сатып берери айтылган. Ошондой эле бул планга коргонуучу, медициналык каражаттарды, күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү дагы кирет.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, кийинкилери азырынча белгисиз.

Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG