Майлуу-Суу шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын мурдагы директору кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлагандай, 2018-2020-жылдары ишкананын кызмат адамдары өзгөчө ири өлчөмдө мазут менен газды мыйзамсыз эсептен чыгаруу жана уурдоо менен алектенген. Андан мамлекеттик бюджетке 56 миллион 237 миң сом зыян келтирилген.
26-февралда аталган ишкананын мурдагы директору кармалып, Жалал-Абад шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Териштирүү уланууда.