Киев коргонууда, миңдеген адам качты
Киев үчүн салгылаш уланып жатат. Украинанын өкмөтү Кызыл чырым уюмуна кайрылып миңдеген орус аскерлеринин сөөктөрүн мекенине жеткирип берүүнү суранды. Орусия каза болгон аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек. Кошуна мамлекеттерге он миңдеген украиналыктар качууга аргасыз болушту.