Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

Орус армиясы Украинадагы объектилерге сокку урууну улантууда


Киев шаары, 25-февраль 2022-жыл.
Киев шаары, 25-февраль 2022-жыл.

Жума күнү кечинде жана ишембиге караган түнү Орусиянын күчтөрү Украинанын бир катар аймактарындагы объекттерге сокку урууну улантты.

Киевде болжолдуу аба чабуулдарына байланыштуу сирена угулуп жатты. Айрым райондордо жарылуу жана атышуу болуп жатканын социалдык тармактарда жарыяланган видеолор көрсөттү.

Украин баш калаасынын түндүк-чыгышындагы ТЭЦ-6 жылуулук электр борбору жайгашкан райондо бир нече жарылуу болгону кабарланды. Кандайдыр бир кыйроо же жоготуулар тууралуу маалымат жок.

Хмельницк облусунун Староконстантинов шаарындагы аэродромго да чабуул коюлду. Аба соккуларынан улам Николаев шаарындагы күйүүчү май кампасын өрт чулгаганы кабарланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын түштүгүндөгү Мелитополь шаары орус күчтөрүнүн колуна өткөнүн билдирди. Бирок бул маалыматты украин тарап толук ырастай элек.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинанын “демилитаризациясын" көздөй турганын, Киевдин НАТОго мүчө болушуна каршы экенин билдирип жатат. Украин бийлиги Орусиянын кол салышын ачык эле согуш деп мүнөздөөдө. Мындан улам Батыш өлкөлөрү Орусияга, анын ичинде президент Владимир Путиндин өзүнө да санкция салды.

XS
SM
MD
LG