Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

Кыргыз жарандарынын Тажикстанда жүрүүсү талкууланды


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин кеңешчиси Айбек Аданбаев Тажикстандын Эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлигинин миграция кызматынын жетекчилиги менен жолугуп, эки өлкөнүн миграция маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Кыргызстан Тажикстанда туруктуу же убактылуу жүргөн кыргызстандыктардын миграциялык укуктарын бузбастан текшерүү жүргүзүүнү суранды.

5-январда Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан себебин эч түшүндүрбөстөн 50 кыргызстандыкты өлкөдөн чыгарып жибергенин билдирген. Алар Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп-өскөндөр. Үй-бүлө мүчөлөрү тажик жарандары жана алар Тажикстанда жашашат. 4-январда Кыргызстандын дагы үч жараны чыгарылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин муздап кеткен. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154 киши жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 киши мерт болуп, 87 адам жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка объектилер өрттөлгөн.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал быйыл 27-январда да катталды. Андагы атышуудан Кыргызстандан жалпысынан 13 адам жараат алса, Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын кабарлады.

Бишкек менен Дүйшөмбү окуялар үчүн бири-бирин айыптаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG