Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:26

Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика олимпиадасында ийгиликке жетишти


Алтын медаль алган окуучулар.
Алтын медаль алган окуучулар.

Кыргызстандык окуучулар математика, информатика жана физика боюнча эл аралык олимпиадада алтын жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу 24-февралда “Азаттык” радиосуна эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинен билдиришти.

Онлайн режимде 15-23-февралда өткөн XVIII эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадада 22 өлкөдөн 1178 окуучу күч сынашты. Кыргызстандын ар кыл мектептеринен катышкан 49 окуучунун 27си “Сапаттын” тарбиялануучусу болду.

Натыйжада информатика сабагынан «Сапаттын» Жалал-Абаддагы жана Бишкектеги лицейлеринин 10-класстын окуучулары Тенгиз Беккоёнов жана Айдар Мундузбаев алтын медаль алышты. Нарындагы жана Бишкектеги лицейлердин 11-классынын окуучулары Данияр Бейшекеев менен Талант Дыйканбаев коло медаль тагынышты. Ал эми математикадан Жайыл баатыр атындагы лицейдин окуучусу Талгат Бактыбеков коло медаль алды.

Коло медаль алган окуучулар.
Коло медаль алган окуучулар.

Казакстандык белгилүү математик окумуштуу, физика-математика илимдеринин доктору Орымбек Жаутыков (1911-1989-жж.) атындагы олимпиада 2005-жылдан бери өткөрүлүп келе жатат. Негизги максаты – окуучулар арасында физика-математикалык жана компьютердик илимдерди жайылтуу, мектептер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, маалыматтык маданиятты жогорулатуу. (RK)

XS
SM
MD
LG