«Бул согуш туура эмес экенин эми түшүндүм», - дейт Борбор Азияда төрөлүп, Орусия тарапта согушкан Михаил.
Ал «Вагнер» компаниясына жалданган мурдагы жоочу. Согуштан качып, мекенине кайтып барган Михаил анонимдүү шартта журналисттерге баштан өткөргөнүн айтып, майдандагы чыныгы көрүнүш Орусиянын жашоочуларына жетпей турганын, телеберүүлөрдө аларга башкача маалымат берилип, кадрлар көрсөтүлүп жатканын белгиледи.
Михаил Украинадагы согуштук аракеттерге түз катышпаганын, эч кимди өлтүрбөгөнүн, Украинанын Орусия басып алган аймактарына "вагнерчилер" Бахмуттан чыгарылып, Пригожиндин козголоңу учурунда киргенин айтууда.
Михаилдин билдирүүсүндө, анын бөлүгүн Беларустун аймагы аркылуу Украинага киргизишкен. Ал 2023-жылы Пригожиндин өлүмүнөн кийин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согушка кайра барган. Ал муну менен орус жарандыгын алууну көздөгөм деп түшүндүрдү.
Михаил армияга жаңы кабыл алынгандар түзгөн отрядга кошулган. Аларды Орусиянын аймагын көздөй жылган украин аскерлерин токтотуу үчүн Курскиге айдаганда качып кеткен экен.
Мурдагы "вагнерчи" Орусиянын армиясынын ичинде эмне болуп жатканын өз көзү менен көргөнүн, маанисиз согуш баарынын жанына батканын, өзү болсо миңдеген кишинин каны төгүлгөн агрессияны туура эмес деп эсептерин айтууда.
«Телеканалдан согушта биз кайсы бир кыштакты басып алганыбызды айтышат. Биз болсо кайсы бир токойдо отурабыз да, ким эмнени ээлегенин такыр түшүнбөйбүз».
Анын айтымында аскердик бөлүктөр коррупцияга белчеден баткан. Согушка бөлүнгөн олчойгон акча бат эле жайын таап, уурдалып кетет.
«Ал жакта жердин баарында коррупция, баңгизаттары, алкоголь. Өтө чоң акча берилет. Күйүүчү май, солярка, керосин —мунун баары акча. Командачылык андан пайдаланып, бирдемелерди ашыкча жазып, акча чыгарып алышат. Машина жүрбөйт, бирок отчеттордо ал аскер бөлүгүнүн эсебинде. Ага деп күн сайын 50-60 литр солярка же бензин жазылат. Ал жакта БМП, танктарды эске алганда күйүүчү майга көп эле чыгым кетери эсептелет да. Бирок иш жүзүндө анын баары кайда кетип жатканына акылым жетпеди».
Михаил өзү менен баарлашкан аскерлердин көбү согуштан чарчап бүткөнүн, качып кеткендер да көп экенин, армиянын жетекчилиги аларды кантип согушка кайтарууну билбей турганын кошумчалады.
«2022-жылдан бери армияда жүргөндөр бар. Бул мезгил аралыгында бир эле жолу балким 15 күнгө өргүүгө чыгышкан, аларга андан башка эс алууга уруксат бербейт, анткени кайра келбей коет деп кооптонушат. Алар кандай чарчаганын элестетип жатасызбы? — дейт Михаил. — Кайра кайтып келбегендер абдан көбөйдү. Аны көзөмөлдөө маселеси.... Муну кимдир бирөө көзөмөлдөшү керек эле. Бирок жада калса аскердик полиция да баш ооруткусу келбейт. Андыктан баарын үйлөрүнө жибербей коюу оңой».
Михаил өзү согуштан качууну 2024-жылдын ноябрында анын бөлүгүн Курск облусуна (украин жоокерлери 2024-жылдын августунан тартып Курскиде бир нече районду ээлеп турушкан) жибергенде чечкен.
"Мен туура эмес эле иштер болуп жатканын түшүндүм. Азыр болсо согуш болбогон нерсе экенин аңдап отурам. Бул нерсе мага кеч жетти, — дейт ал. — Согушта аскерлердин маанайы жакшы эмес, бирок корккондуктан унчугушпайт".
Михаил согуштан тиш доктурга баргандан кийин качып чыккан.
«Тишим катуу ооруп жаткан. Тиш доктурга бардым, ал тишимди жулду. Дарыгерден суранып, төрт күн фронтко барбасын деген маалымкат жаздырып алдым. Андан кийин жергиликтүү таксистти таап, Волгограддын аэропортуна жеттим, ал жактан Домодедового учтум. Паспорт текшерүүдөн өттүм, мен чет элдик жаранмын да. Ошентип туулган өлкөгө кайтып келдим», - деди Михаил.
Коопсуздукка байланыштуу анын Борбор Азиянын кайсы мамлекетинде экенин жарыялай албайбыз.
Украинанын бийлиги 21-апрелде билдиргендей, орус армиясы ондогон ракета жана дрон менен чабуул койду. Херсондо артиллериялык соккудан бир адам жараат алганы кабарланды. Ошол эле маалда, Украинанын дрону Орусиянын Белгород аймагында атып түшүрүлгөнүн расмий Москва ырастады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 30 сааттык ок атышууу токтото туруу мөөнөтү аяктагандан кийин согуш аракеттери кайра башталганын маалымат каражаттары аркылуу билдирди. 19-апрелде Орусиянын президент Владимир Путин Пасха майрамына карата ок атуу токтотуларын жарыялаган.
Бирок Украинанын маалыматына караганда, бул тыныгуу маалында Орусия тараптан ок атуу режими үч миң жолу бузулган.
18-апрелде Парижде өткөн жолугушуудан кийин, ушул аптада Лондондо Европа, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн кийинки сүйлөшүүсү болот деп күтүлүүдө.
Америка президенти Дональд Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф Владимир Путин менен дагы бир жолу жолугууну пландоодо.
Стэнфорд университетиндеги Hoover институтунун кызматкери Сергей Санович 21-апрелде "Настоящее время" телеканалына берген маегинде:
“Трамптын бул жолу европалыктарды сүйлөшүүгө тартканы акылга сыярлык кадам. Бул Путинди айрым жеңилдиктерге барууга мажбур кылышы мүмкүн, анткени ал санкциялардын жоюлушуна кызыкдар”, — деп билдирди.
Ошол эле учурда, Трамптын администрациясы эгерде жакын арада келишимге жетишилбесе, сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетиши ыктымал экенин эскерткен.
Украинанын аба күчтөрү Пасха элдешүүсү бүткөндөн кийин Орусия дрон жана ракеталар менен чабуул койгонун билдирди.
Маалыматта орус тарап 21-апрелге караган түнү саат 12ден кийин 96 дрон колдонгону айтылат. Анын 42си атып түшүрүлүп, калганы жок кылынган.
Херсон аймагына "Оникс" ракетасы менен, Николаевге эки жолу ракеталык сокку урулганы да кабарланды.
АКШнын президенти Дональд Трамп: “Украина менен Орусия ушул аптада келишимге жетишет деп үмүттөнөм”- деп билдирди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти 20-апрелдин кечинде Truth Social платформасындагы баракчасына жазды.
“Эки тарап тең АКШ менен ири бизнес жүргүзөт, пайда табат”, - деп кошумчалады Трамп.
19-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путин Пасха майрамынын урматына Украина менен 21-апрель саат 00:00гө чейин ок атууну 30 саатка убактылуу токтоторун жарыялаган.
Көп өтпөй эле Украинанын президенти Владимир Зеленский мындай келишимди кубаттап, бирок Орусия согушта тынчтыкты кармаса, өз өлкөсү да ошого жараша аракет кыларын билдирген.
Бул убакыт аралыгында Украинадагы шаарларга аба соккулары азайганы менен расмий Киев орус тарап ок атуу келишимин 3000 жолу бузду деп жарыялады.
Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мамлекеттик ТАСС агенттигине Путин 21-апрелден кийин ок атууну токтотуу келишимин узартпаганын билдирди.
Бүгүн таңга маал Киевде аба соккуларынын коргонуу тууралуу эскертүүлөр жаңырды. Ал эми Николаев облусуна дрон чабуулу жасалганын аталган аймактык жетекчилиги билдирди.