Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Сингапурда өтүп жаткан “Шангри-Ла диалогу” Азия коопсуздук саммитинин алкагында жолугушту. "Свобода" радиосу Зеленский Пентагондун башчысы менен Киевдин коргонуу муктаждыктарын, Украинанын абадан коргонуусун чыңдоо, F-16 согуштук учактарын жеткирүү, ошондой эле эки тараптуу коопсуздук келишимин даярдоо маселелерин талкуулаганын жазды.
Украина лидери АКШ президенти Жо Байденге Орусиядагы буталарга чабуул коюуга уруксат бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
30-майда АКШнын маалымат каражаттары өз булактарына таянып, президент Жо Байден америкалык курал менен Харьков шаарын коргоо максатында Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бергенин жазышкан.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук маселелерине арналган "Шангри-Ла диалогу" форумунда 100дөн ашык өлкө Швейцарияда өтө турган тынчтык жолугушуусуна катышууга убада бергенин айтты.
«Адилеттүү дүйнөнү орнотуу процессин баштоо биз үчүн абдан маанилүү. Орусия согушту токтоткусу келбейт. Ошондуктан биз тынчтыкка жетүү үчүнбүткүл дүйнө менен биргелешип аракеттенишибиз керек», - деди Зеленский.
Зеленский менен Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Сингапурда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен жолукту. Бул АКШ Киевге америкалык курал менен Орусияга, тактап айтканда Харьков облусуна жакын жайгашкан аймагына сокку урууга уруксат бергенден кийинки жолугушуу болуп калды.
Зеленский буга чейин Кошмо Штаттардын Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын тышкы саясат боюнча комитетинин башчысы Майкл Маккол жетектеген делегация менен жолугушкан.
Украина президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Зеленский жолугушуунун катышуучуларына соңку кырдаал, Украинага курал-жарак жеткирүү жана санкциялык демилгелер тууралуу маалымат берди.
"Шангри-Ла диалогу" - Сингапурдагы Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту (IISS) көз карандысыз аналитикалык борбору жыл сайын өткөрүүчү өкмөттөр аралык форум. Уюштуруучулардын айтымында, жекшемби күнү Зеленский “Глобалдык тынчтык жана аймактык стабилдүүлүк үчүн чечимдерди кайра карап чыгуу” аттуу талкууга катышат.
Форумга АКШ жана Кытай баш болгон аймактагы 30га жакын мамлекеттен жогорку даражалуу өкүлдөр катышууда. Орусия "Шангри-Ла диалогуна" 2022-жылдан бери Украинага бастырып киргенден бери бара элек.
Орусиянын Коргоо министрлиги жекшембиге караган түнү Курск жана Белгород облустарынын үстүндө абадан коргонуу системалары үч дронду жок кылганын билдирди.
Дагы бир учкучсуз учак Азов деңизинин үстүндө атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков эртең менен өзүнүн Телеграм-каналында бир нече дрон атып түшүрүлгөнүн жазды.
Дрон калдыктарынан Белгород облусунун бир катар айылдарында автоунаалар, үйлөрдүн фасаддары жана тосмолор талкаланган. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Украинанын аба күчтөрү жекшембиге караган түнү 25 учкучсуз учактын 24ү атып түшүрүлгөнүн жарыялады.
2-июнга караган түнү орус аскерлери Украинага “Искандер-К” канаттуу ракетасы, С-300 зениттик ракетасы жана 25 дрон менен чабуул койгонун Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн командачысы Николай Олещук билдирди.
Анын айтымында, 24 учкучсуз учак – Николаев, Одесса, Херсон, Киев, Хмельницкий, Днепропетровск, Кировоград, Винница облустарында атып түшүрүлгөн.
Украинанын Аскердик аба күчтөрүнүн билдирүүсүнө ылайык, Искандер-К жана С-300 ракеталарын атып түшүрүү мүмкүн болгон эмес.