Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Германия “Түндүк агым-2” долбоорун белгисиз мөөнөткө жылдырды


“Түндүк агым” жана “Түндүк агым-2” куурларынын картасы.
“Түндүк агым” жана “Түндүк агым-2” куурларынын картасы.

Германиянын бийлиги Орусиядан өзүнө көгүлтүр от алып өтүү үчүн курулган “Түндүк агым-2” газ куурунун долбоорун сертификациялоо чараларын убактылуу токтотту. Германиялык DPA маалымат агенттиги Берлин мындай чечимди Москва Украинанын чыгышындагы жикчил “республикаларды” тааныганына байланыштуу кабыл алганын жазды.

“Газ куурун ишке салуу планы кайрадан бааланып чыгышы керек”,-деди немис канцлери Олаф Шольц.

Ал мындай аракеттер Москва менен Берлиндин башка тармактагы кызматташуулары боюнча да уланарын кошумчалады.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары “Түндүк агым-2” долбоорун курду. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүп жаткан.

Долбоор Европанын экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирет жана Киевге басым кылууга жол ачат деген сынга кабылган. Москва мындай сындарды четке какса, Берлин долбоорго кызыкдарлыгын билдирип келген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский шейшемби күнкү басма сөз жыйынында Батыш өлкөлөрүнүн санкциясы “Түндүк агым” куурларын толук токтотуу чараларын кошо камтышы керектигин айткан.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берди.

Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG