Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:12

Өкмөт коронвируска байланыштуу өзгөчө кырдаал күчүндө экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими күчүндө экенин билдирди. Өкмөт мындай режим жоюлганы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы өткөн айда катталган жана оору жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкек шаары "кызыл зонага" кирген.

Соңку бир күндө өлкөдө COVID-19 дагы 31 адамдан аныкталып, бир бейтап көз жумду.

22-февралга карата коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 200 миң 368ге жетти. Пандемия башталгандан бери оорудан 2947 бейтап каза болду. Вирус жуктуруп алгандардын арасында медицина кызматкерлери жок.

Ушул тушта 220 адам ооруканада жатат жана 98 бейтаптын абалы оор, дагы 94 кишинин абалы орточо оор. 1200дөн ашык киши үйүндө дарыланууда.

Ушул айдын башында Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуккан учурлар, ооруканага жаткырылган бейтаптардын санына карап өлкө вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өттү деп айтса болорун билдирген.

XS
SM
MD
LG