Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

ЖК комитети Атыр Абдрахматованы акыйкатчы кызматына жактырды


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети юрист, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын мурдагы орун басары Атыр Абдрахматованынын талапкерлигин акыйкатчы кызматына көрсөтүүгө макулдук берди. Мунун алдында анын талапкерлигин "Ата-Журт - Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак" жана "Бүтүн Кыргызстан" фракциялары жактырган эле.

Буга чейинки акыйкатчы Токон Мамытов былтыр октябрда парламенттик шйлоого катышканына байланыштуу кызматынан кеткен. Мыйзамга ылайык, акыйкатчынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда жаңы омбудсменди шайлоо 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен өтүүгө тийиш.

Кыргызстанда Акыйкатчы институту түзүлгөн 2002-жылдан бери бул кызматты беш адам (Турсунбай Бакир уулу, Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев, Кубат Оторбаев, Токон Мамытов) аркалады. Башкы укук коргоочуну Жогорку Кеңеш шайлаганы менен, соңку үч талапкерди тандоо боюнча сын-пикирлер арбын айтылган.

Азыркы мыйзамдарга жараша акыйкатчы беш жылга шайланат. Мамлекеттик жана расмий тилдерде сүйлөгөн, 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, жогорку билимдүү, мурда соттолбогон жаран акыйкатчы болуп шайлана алат.

XS
SM
MD
LG