Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:46

"Улуу көчмөндөр мурасы": баштапкы капитал бир млрд. сомго жеткирилет


Садыр Жапаров 16-февралда “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу кеңешме өткөргөн.
Садыр Жапаров 16-февралда “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин ишмердүүлүгүнө байланыштуу кеңешме өткөргөн.

Финансы министрлиги быйыл "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин баштапкы капиталы бир миллиард сомго чейин жеткирилерин билдирди. Ага ылайык, аталган министрлик бул мамлекеттик компаниянын түзүүчүлөрүнүн бири болот.

Президент Садыр Жапаров 16-февралда “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу кеңешме өткөргөн. Анда мамлекеттик компания кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган.

Холдингге чет өлкөлөрдө билим алып, иштеп жүргөн жаш кадрлар, менежерлер тартылганы айтылганы менен алардын аты-жөнү ачыкка чыга элек.

Долбоорлордун арасында Ысык-Көлдө цемент заводун куруу, жылына 5 миллион тонна көмүр казууга мүмкүн болгон “Кавак” күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү, Куттуу-Сай, Талды-Булак, Андаш кендерин казуу, Чоң-Кемин, Кара-Көл жана Орто-Токой ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын өнүктүрүү, өнөр жай жана кайра иштетүүчү ишканаларды куруу каралган.

Улуттук холдингдин башчысы болуп “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк дайындалганы өткөн аптада белгилүү болгон.

Садыр Жапаров "Улуу көчмөндөр мурасы” аттуу улуттук холдинг түзүлгөнүн былтыр жыл аягында билдирген. Анда былтыр жыл башында ант берип кызматка киришкенде эң биринчилерден болуп кол койгон "Кен казуу тармагын реформалоо тууралуу” жарлыгын ишке ашыруу үчүн негизделгени айтылган.

XS
SM
MD
LG