Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Орусияда Навальныйдын экинчи иши боюнча сот жараяны уланды


Алексей Навальный сот отурумунда.
Алексей Навальный сот отурумунда.

21-февралда Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга коюлган жаңы айып боюнча сот отуруму уланды. Ишти Москванын Лефортово райондук соту көчмө жыйында тергеп жатат.

Соттук иш 15-февралда башталган. 45 жаштагы Навальный ишмердиги токтотулган Коррупцияга каршы күрөшүү фонду аркылуу "акчанын изин жашырган" жана "Москвада судьяга акаарат келтирген" деп айыпталууда.

Дүйшөмбү күнкү отурум Навальныйдын жаңы адвокаты Евгения Соломатованын ишти таанышуусу менен башталды. Сот ага уруксат берип, бирок материалдарды мобилдик телефонго тартууга чектөө койду. Ушундай эле чектөө ишти чагылдырганы барган журналисттерге да коюлган. Биринчи отурумда да кабарчылар атайын бөлмөгө отургузулуп, соттук залдан трансляцияны гана көрүп отурушкан.

Оппозициячыл саясатчыга каршы жаңы тергөө иши 2020-жылдын декабрь айында башталган. Алгач тергөөчүлөр Навальный фондго ар кыл демөөрчүлөрдөн түшкөн 4,7 миллион долларды жеке максаты үчүн колдонгонун айтышкан. Бирок 14-февралда оппозициячыл саясатчынын үзөңгүлөшү Леонид Волков тергөөнүн документтери менен таанышып чыкканын, "изи жашырылды" деген акчанын көлөмү 33,7 миң гана доллар экенин айтты.

Эгер сот күнөөлүү деп тапса, Навальный "акчанын изин жашырууга" байланыштуу дагы 10 жылга, "судьяга акаарат келтирди" деген айып менен алты айга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Навальный мындай айыптарды четке кагып, аны "саясий куугунтук" катары мүнөздөп келет.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалган жана жети жыл мурдагы “Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG