Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:43

Качкындар келип жаткан Ростов облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды


Орусиянын Ростов облусунда Украинанын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн чыгышынан эвакуациялангандардын агымы көбөйгөнүнө байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилди.

"Ростов облусунун аймагындагы чек араны кесип өткөн жарандардын санынын өсүү тенденциясын эске алып, 2022-жылдын 19-февралында саат 10:00дөн тарта өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү режимин киргизүүнү туура деп эсептейбиз", - деди облус губернатору Василий Голубев.

Анын айтымында, өздөрүн-өздөрү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасынын” эвакуацияланган 1692 жараны Ростов облусундагы жатак борборлорго жайгаштырылды. Качкындарды кабыл ала турган 143 пункт даярдалды.

Ростов облусундагы чек арадагы бардык өткөрүү пункттары Орусия Федерациясына киргендерди гана кабыл алуу режимине өткөнүн Орусиянын Федералдык чалгын башкармалыгынын (ФСБ) чек ара кызматынын башчысы Сергей Кудряшов билдирди.

"Бардык чек ара бекеттери күнү-түнү иштөө мөөнөтүнө өттү", - деди Кудряшов.

Ростов облусунун бийлиги кырдаал курчуганына байланыштуу "ДЭР" жана "ЛЭР" эвакуациялоо чечимин жарыялагандан кийин, Ростов облусунун бийлиги күчөтүлгөн коопсуздук режимин киргизгенин жарыялады.

Ага чейин Орусиянын президенти ар бир качкынга 10 миң рублдан берүүнү буйруган. Жалпысынан Ростов облусу Донбасстын эвакуацияланган тургундарына бир жолку төлөм үчүн 5 миллиард рубль алды.

XS
SM
MD
LG