Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Украинанын президенти Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук жыйынына катышат


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын Орусия басып кириши мүмкүн деген эскертүүсүнө карабай Мюнхенде өтүп жаткан коопсуздук жыйынына катышат. Бул тууралуу 19-февралда анын кеңсеси билдирди.

Маалыматка ылайык Зеленский ошол эле күнү мекенине кайтып келет.

Орусия Украина менен чек арага аскерлерин топтоп, чыңалуу күчөп турган шартта Зеленскийдин жыйынга катышары талкуу жаратты.

Бирок анын кеңсеси Украинанын чыгышындагы кырдаал “толук көзөмөлдө” экенин ырастап жатат.

АКШ 18-февралда Германиядагы коопсуздук конференциясына катышуу үчүн Украинадан чыгып кетүүнү Зеленский чече турганын билдирген. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки журналисттерге "Ал кандай чечим чыгарбасын, АКШнын колдоосуна ээ болот" деп айткан.

Мюнхендеги коопсуздук жыйыны 18-февралда башталды. Анда Орусия Украинага басып кирүүгө камданып жатат деген кооптонуулардан улам күчөгөн кризиске көңүл бурулууда.

Коопсуздук форумуна АКШнын вице-президенти Камала Харрис, Германиянын канцлери Олаф Шольц, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана башка лидерлер, жогорку кызмат адамдары катышып жатат.

Харрис 19-февралдагы иш-чаранын алкагында Зеленский менен жолугушмакчы.

Орусия биринчи жолу бул жыйынга эч бир расмий өкүлүн жиберген жок.

XS
SM
MD
LG