Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:00

Орусия: мигранттарды текшерүү күч алып, талап катаалдашты


Кызыл аянттагы полиция кызматкерлери. Москва шаары.
Кызыл аянттагы полиция кызматкерлери. Москва шаары.

Орусиядагы эмгек мигранттары соңку жумада полициянын текшерүүлөрү күч алганын айтышууда. Укук коргоочулар мигранттарга кысым күчөгөнүн баса белгилешет. Ал арада Кремл миграциялык мыйзамдарды дагы катаалдаштыруунун жолун издөөдө.

Истрадагы окуя

9-февралга караган түнү Тажикстандын төрт жараны Москва облусунун Истра шаарындагы "Пятерочка" дүкөнүнө кол салып, 51 жаштагы сатуучуну өлтүрө сабап, кассадан 95 миң рубль уурдап кетишкени кабарланган. Полиция дароо шектүүлөрдү кармап, шаршембиде облустук прокуратура тергөө баштаганын орусиялык басылмалар жазышты.

Истрада жашаган Умаршох аттуу тажик жараны 16-февралда "Азаттыктын" тажик кызматына дал ушул чуулгандуу талап-тоноо фактысына байланыштуу эмгек мигранттарына кысым күчөгөнүн айтып берген. Ошондой эле полицияга аймакты "потенциалдуу" кылмышкерлерден тазалоо тапшырмасы берилгенин кошумчалаган.

"Дүкөндү тоногон акмактардын айынан баарыбызды кыйнап жатышат. Ансыз деле кыйноолор болчу, эми бизди такыр эле эзип жатышат. Биринин аркасынан экинчи текшерүү".

Москва облусунун полиция бөлүмү мындай дооматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

"Озоди" радиосуна Москва шаарында иштеген тажик мигранттары полиция кызматкерлери мекендешинин колун кайрып, күч менен кармап кетип жатканда тартылган видео тасма жөнөтүшкөн. Видеону тарткан жаран окуя 14-февралда болгонун айтууда.

"Тажик мигрантынын беткабы жок болгондуктан, анын колун байлап алып кетишти. Ал тууралуу эки күндөн бери эч кандай кабар алалбай отурабыз", - деди атын атагысы келбеген тажикстандык жигит.

Мухаммаджон Собиров.
Мухаммаджон Собиров.

Тажикстандык активист Мухаммаджон Собировдун айтымында, өткөн аптада эле Истра районунда 100гө жакын адам кармалган. Ал мындай массалык кармоолор мурда да болгонун, бирок Истрадагы окуялар борбор азиялык мигранттардан "өч алуу" сыяктуу көрүнүшкө айланганын белгилейт.

16-февралда Истра райондук полициясы "Озоди" радиосунун тажик мигранттардын текшерилиши боюнча суроосуна жооп берген жок. Алар бардык суроолор жазуу түрүндө алдын ала берилиши керектигин айтып жооп узаткан.

Тажикстандын Москвадагы элчилиги мигранттардан арыз түшкөнүн, бирок ошол эле учурда мекендештери Орусиянын кайсы аймагында көп кармала баштаганы тууралуу маалымат бере албай турганын билдирди.

Кремл мигранттарсыз жашоого амал издөөдө

Ал арада Орусиянын вице-премьер-министри Марат Хуснуллин Мамлекеттик Думанын шаршембидеги жыйынында миграциялык мыйзамдар тууралуу маалымат берди. Хуснуллин мигранттардан арылуунун айрым жолдорун сунуштады.

Марат Хуснуллин.
Марат Хуснуллин.

"Мигранттар бүгүнкү күндө орусиялыктарга караганда 50% көбүрөөк иштеп, бирок 30% аз айлык акы алат. Келгиле, чечим кабыл алалы, мигранттарсыз иштейбиз. Орточо айлык акы 50 миң, ал эми куруучулардыкы 40 миңдин тегерегинде. Биз аны жок дегенде орточо көрсөткүчкө жеткирели. Эгерде биз жергиликтүүлөрдү тармакка тарталы десек, анда айлыкты жогорулатышыбыз керек. Бул системалуу инвестиция. Мунун баары биздин колубузда. Биз кандай чечим кабыл алсак, ошондой болот. Миграцияга байланыштуу катаал мыйзамдарды кабыл алалы", - деди Хуснуллин.

Ал эми бейшембиде Орусиянын президенти Владимир Путин Ички иштер министрлигинин кеңейтилген коллегиясында миграция мыйзамын бузган чет өлкөлүктөргө катаал жаза керек экенин эскертти.

"Экстремизм, тартип бузуу, мыйзамсыз эмгек миграциясы сыяктуу окуяларга аралашкандарды Орусиядан депортациялоо же келечекте өлкөгө кирүүсүнө тыюу салуу үчүн тиешелүү чечимдерди тез кабыл алуу керек", - деди орус президенти.

Путин ошондой эле, экстремизмге каршы натыйжалуу күрөш миграция чөйрөсүнө байланыштуу экенин баса белгиледи.

Москва: документке кезек күткөндөр көп

Орусия жыл башынан бери миграциялык мыйзамдарды катаалдаштырып баштады. Былтыр декабрда күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык, Орусияга иштегени барган чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар 30 күн ичинде медициналык текшерүүдөн жана дактилоскопиялык каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле алар ар кандай жугуштуу илдеттерден, маңзат жана психотроптук каражат колдонбойбу деп текшерилет.

Бул күндөрү Москва аймагында каттоого туруу үчүн кезек күткөндөр миңдеп саналат. Мындан улам Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине 17-февралда нота жөнөтүп, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылды.

Кезек күткөн мигранттар.
Кезек күткөн мигранттар.

Мындай коридорлорду медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон өткөрүүчү мекемелерде, анын ичинде “Сахарово” миграциялык борборунда ачууга көмөктөшүү өтүнүчү айтылды.

Элчилик Москвада медициналык текшерүүдөн 17 мекемеден өтсө болорун эскертүүдө. Ошону менен катар үч ай деген мөөнөт каттоодон үч айда бир жолу өтүп туруу дегендик эмес, бул ички иштер органдарына тапшырыла турган документтин жарактуу мөөнөтү экени белгиленди.

16-февралда мигранттардын маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Орусиянын жаңы мыйзамы мигранттарды машакатка салып жатканы жана ал Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) талаптарына жооп бербей турганы айтылды.

Депутат Дастан Бекешев бул маселени жогорку жетекчилердин деңгээлинде сүйлөшүү зарылдыгын айтса, парламенттеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчиси, депутат Жанарбек Акаев Кыргызстандын биримдиктеги өкүлдөрүн мигранттар кабылып жаткан жагдайларга көңүл бурбай отурушат деп сындады.

Учурда Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, борборазиялык мигранттардын сап башында өзбекстандык мигранттар турат. Алардын саны үч миллиондон ашык экени айтылып келет. Экинчи орунда Тажикстандан барган мигранттар, алардын саны 1,5 миллион. Ал эми ушул тапта орус жергесинде иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны бир миллиондон ашат. Бейрасмий эсепте алардын саны мындан да көп экени айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG