Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:52

Тогуз-Торо: Кар көчкү түшкөн жерде үч адам дайынсыз болууда


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Жалал-Абад облусунда жолго кар көчкү түшүп, үч адамдын дайыны табылбай жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн 14-февралда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районунун аймагында, Түндүк-Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) альтернативдик автожолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшкөн.

Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

“Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү “Нива” машинасын, жүктөгүчтү жана эки экскаваторду кар басып калган, кырсык болгон жерде үч адам дайынсыз болууда.

Издөө жана карды тазалоо иштерине жалпысынан 60ка жакын адам катышууда.

XS
SM
MD
LG