Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:10

Жээнбековдун жардамчысынын иши боюнча алгачкы сот отуруму өттү


Айсулуу Кудайбердиева.
Айсулуу Кудайбердиева.

Оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиевага карата козголгон кылмыш иши боюнча алгачкы сот отуруму бүгүн 14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өттү. Кийинки отурум 1-мартка белгиленди.

Кудайбердиеванын айтымында, ишти Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “2019-жылы чек арадан туура эмес өткөн” деген айып менен козгогон. Ал өзү бул ишти фальсификация деп атап, “Жээнбековдун саясий иштерине жардам бергеним үчүн бир нече ай бою атайын кызматтын басымына жана куугунтугуна дуушар болуп келем” деп билдирип жатат.

Атайын кызмат анын бул айыптоолоруна жооп бере элек.

Соттон кийин ал "Фейсбуктагы" баракчасына "Өкүндүргөн бир гана нерсе - бул семестрде Грузияда мыкты профессорлордон адам укуктарын, демократия процесстерин окугандын ордуна демократиялык баалуулуктар үчүн куугунтук жана күрөштөн өтүүгө туура келүүдө" деп жазды.

Равшан Жээнбеков өзү Кой-Таш окуяларына байланыштуу алгач 2019-жылы, кийин былтыр августта кармалып, декабрда бошотулган. (RK)

XS
SM
MD
LG