Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:55

Султанбаев президенттин учагы тууралуу маалыматка түшүндүрмө берди


Кыргызстандын №1 борту -Ту-154 учагы менен президент Жапаров Түркмөнстанга иш сапар менен барган. Ноябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандын №1 борту -Ту-154 учагы менен президент Жапаров Түркмөнстанга иш сапар менен барган. Ноябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын президентин ташыган Ту-154 учагынын коопсуздук мөөнөтү аяктаган, ошондуктан, Бээжин сапарына президент Садыр Жапаров менчик учакты ижарага алып барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев 6-февралда маалымдады.

Ага ылайык, ижара акысы бюджеттен төлөнгөн жок. Султанбаев жакында Кыргызстандын жогорку делегациясын ташуучу чакан учакты пайдалануу маселеси каралып жатканын, кыргыз тарап ага күйүүчү май жана борттогу тейлөө үчүн гана акы төлөрүн белгиледи.

Буга чейин Temirov Live каналы президент Садыр Жапаровдун Бээжинге сапарынын чыгымын иликтеген. Журналисттер президент Кытайга Embraer Lineage 1000 бизнес-класстагы учагы менен барганын аныкташкан. Буга чейин президент дал ушундай эле учак менен былтыр күзүндө Шотландиянын Глазго шаарында өткөн экономикалык саммитке барган.

Ал кезде президенттик администрация өлкө башчынын жеке учак менен кеткенин тастыктап, мындай чечим британ бийлиги Кыргызстандын №1 бортун кабыл алуудан баш тарткандан кийин аргасыз кабыл алынганын билдирген.

Temirov Live каналынын маалыматында, мындай жеке учактын бир сааттык ижара акысы болжолдуу түрдө 11 700 долларды түзөт. Бишкектен Бээжинге чейин учуу убактысы 4,5 саатка созулса, буга 52 650 доллар (4 400 000 сом) кеткенин эсептеп чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG