Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:34

Бээжин-2022: Орусиялык лыжачы алтын медаль утту


Бээжин -2022 Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинен. 4-февраль, 2022-жыл.
Бээжин -2022 Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинен. 4-февраль, 2022-жыл.

Орусиялык лыжачы Александр Большунов 30 чакырымдык скиатлон оюнунда атаандаштарынан суурулуп, 6-февраль күнү алтын медаль утту. Ал марага 1 саат 16 мүнөт, 0,8 секундда келген.

Анын ийгилиги Бээжиндеги Олимпиада оюндарындагы орусиялык команданын алгачкы жеңиши. Кызытма санкцияларынан улам алар Орусиянын эмес, Олимпиаданын желеги алдында беттешүүдө.

Буга чейин жаңы зеландиялык сноубордчу Зои Садовски-Синнотт өлкөсүнүн тарыхында алгачкы жолу алтын медалга жетишкен. Күмүш медалды америкалык сноубордчу Жулия Марино алса, колону австралиялык спортчу Тесс Коди жеңди.

4-февралда башталган оюндар 20-февралга чейин уланат. Анда спорттун 15 түрү боюнча 109 комплект медаль ойнотулат.

Кытайдагы адам укуктарынын жапырт бузулушуна байланыштуу АКШ, андан кийин башка өлкөлөр Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялаган. Спортчулар катыша берет, оюнга мамлекеттик аткаминерлер барган жок.

XS
SM
MD
LG