Саламаттык сактоо министрлигинин 5-февралдагы маалыматына караганда, вирустан үч киши каза болду.
Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2899 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 162 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 199 326 болду.
Бир күндө 385 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 913 адам жатат, дагы 3609 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 190 368 кишиге жетти. (BCh)