Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:13

Байден менен Макрон Украина кризисин талкуулады


АКШнын президенти Жо Байден жана Франциянын лидери Эммануэл Макрон.
АКШнын президенти Жо Байден жана Франциянын лидери Эммануэл Макрон.

АКШнын президенти Жо Байден жана Франциянын лидери Эммануэл Макрон 2-февралда Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашты. Эки лидер эгер Орусия Украинага бастырып кирсе, Москвага каршы санкция киргизүү маселесин сүйлөштү. Бул тууралуу Ак үй билдирди.

Макрон жакын арада Владимир Путин менен сүйлөшөрүн айтты. Орус лидери менен жакын арада Германиянын канцлери Олаф Шольц да жолугарын ZDF телеканалына берген маегинде билдирди. Шольц Москвага качан барарын тактаган жок.

Буга чейин Британиянын өкмөт башчысы Борис Жонсон Путин менен телефондон сүйлөшүп, Украинага кол салуунун кесепети оор болорун эскерткенин расмий Лондон билдирди.

Орусия Украина менен чек арасына 100 миңден ашуун аскерин жана техникасын топтоп, Москва кошуна өлкөгө кол салууну пландап жатат деген кооптонуу күчөдү.

Кремл Украинага басып кирүүнү көздөйт деген дооматты четке кагып, бирок куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн Батыштан “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылган.

Москва "Украина НАТОго кирбейт, орус чек арасына жакын жерлерге аскердик системалар орнотулбайт, блоктун күчтөрү Чыгыш Европадан алыстатылат" деген шарттарды койгон.

XS
SM
MD
LG