Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:50

Казакстанда туугандарын бошотууну талап кылгандар акцияга чыгышты


Чымкентте нааразылык акциясына чыккандар. 1-февраль, 2022-жыл. 1-февраль, 2022-жыл.
Чымкентте нааразылык акциясына чыккандар. 1-февраль, 2022-жыл. 1-февраль, 2022-жыл.

Казакстандын бир нече шаарында, анын ичинде Алматы менен Чымкентте 1-февралда ондогон адам нааразылык акциясына чыгып, январь окуялары маалында кармалган жакындарын бошотууну талап кылды.

Алардын айрымдары тууганын ооруканага которууну же дарыланууга үйүнө жиберүүнү, себепсиз кармалган жакындарын бошотууну, кыйноону токтотууну, тергөөнү адилеттүү жүргүзүүнү талап кылышты.

Алматыда чогулгандарга прокуратура кызматкерлери чыгып, арыз-муңун угушту. Ал эми Чымкентте алар менен прокурорлор башкармалыгынын жетекчиси Нуржан Көлбаев жолугушуп, убакыт берүүнү өтүндү.

Ушул эле күнү «Хьюман Райтс Уотч» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдүн баарын тыкыр иликтеп, январь окуялары маалында жана андан кийин кармалган активисттерди басмырлоону токтотууга чакырды.

Бийликтин расмий маалыматына ылайык, январдын башында Казакстандагы тополоңдо 227 киши өлүп, он миңден ашуун адам кармалган. Укук коргоочулар бул сан алда канча көп болушу мүмкүн экенин боолгошот.

XS
SM
MD
LG