Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:14

"Жол фонду" мыйзам долбоору тууралуу коомдук угуу өттү


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Жогорку Кеңеште "Жол фондун" түзүүнүн шарты, анын жол-жобосу камтылган мыйзам долбоорго байланыштуу коомдук угуу өттү. Долбоор Кыргызстандын аймагында жол тармагын өнүктүрүү үчүн каржылык ресурстарды түзүүгө багытталган.

Мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттардын бири Улукбек Ормонов "Жол фондуна" акча каражаты республикалык бюджеттен, күйүүчү жана майлоочу майларга салынган акциз салыгынан жана башка булактардан чогуларын билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиевдин айтуусунда, Кыргызстандын жол тармагына жыл сайын 10 миллиард сом керектелет. Эгер бул фонд түзүлүп калса, жыл сайын 200 чакырым жол капиталдык ремонттон өткөрүлөт, 200 чакырым жолго асфальт төшөлөт, бетон жолдорун куруу башталат, айылдар аралык жолдор да оңдолот. Бул каражаттан жол куруу үчүн тыштан алынган карыз да төлөнөт.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, 2023-жылдын 1-январынан баштап иштей баштайт. Январда күчүнө кирген Салык кодексине бир жыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мораторий киргизилген, акциз салыгын көтөрүүгө болбойт.

Кыргызстан эгемен тарыхында сырттан жол тармагына эки миллиард долларга жакын акча алган жана бул жалпы тышкы карыздын 60% түзөт. Өлкөдө автоунаа жолу 34 миң чакырымды түзөт, анын 19 миң чакырымы жалпы пайдалануудагы жолдор.

Жалпы 1,5 миллионго жакын машине катталган. (МТа)

XS
SM
MD
LG