Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:25

УКМК мамлекеттик эки кызматкердин дипломун иликтей баштаганын жарыялады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук комитети эки жооптуу кызматкердин жасалма диплом менен иштеп келгени тууралуу иликтөө башталганын кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, алардын бири - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында иштеген милициянын полковниги “С.Ы.К”, экинчиси - Эсеп палатасынын аудитору “С.З.А”.

Алар кадр бөлүмүнө Орусиянын жогорку окуу жайларынын биринин «юриспруденция» адистигин жана Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин бухгалтердик эсеп, аудит адистиги боюнча аяктаганы тууралуу дипломдорун беришкен.

УКМКнын билдирүүсүндө аты аталган адамдардын бири Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Саркулов Ыманалы Кадырбаевич экени айтылууда. Аты аталган кызматкерлер азырынча комментарий бере элек.

24-январда УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин диплому боюнча масштабдуу текшерүү башталганын кабарлаган.

20-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Орозайым Нарматованы депутаттык мандатынан ажыраткан. Мындай чечимге Нарматова жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө УКМК менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болгон. Нарматова дооматтарды четке каккан.

Ушул окуядан кийин президенттин тапшырмасы менен 24-январдан баштап мамлекеттик мекеме-министрликтерде иштегендердин, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын кызматкерлеринин дипломдору менен жарандыгы текшерилери жарыяланган. (JsA)

XS
SM
MD
LG