Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:05

Токойлорду калыбына келтирүү үчүн грант берилет


Кыргызстандын жалпы аянтынын 5,5% токойлор ээлейт. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жалпы аянтынын 5,5% токойлор ээлейт. Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык түлүк жана айыл чарба программасы өлкөдөгү токойлор менен жайыттарды калыбына келтирүү, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу үчүн Кыргызстанга 29 миллион доллардан ашуун грант берет.

Бул тууралуу 24-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипбаев билдирди.

"Гранттын жалпы суммасы 29 миллион 900 миң доллар, долбоордун мөөнөтү жети жыл. Жыйынтыгында Кыргызстандагы алты миң гектар токой, 644 миң гектарга жакын жайыттарды калыбына келтирүү иштери жүрөт. 56 миң гектарга чукул токойду башкаруу жакшырат. Долбоорду ишке ашыруудагы аймактарда жашаган 90 миңге жакын аярлуу топко кирген үй-бүлөлөрдүн климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуусуна колдоо көрсөтүлөт", - деди Шерипбаев.

Кыргызстандын жалпы аймагынын 5,5% токойлордон турат. Экологдор токой аянттары барган сайын кыскарып жатканын айтып келишет. Адистер өлкөдөгү жайыттардын 70% кыртышы бузулганын белгилөөдө.

Кыргызстан 2021-жылы климаттын өзгөрүүсүнө багытталган Глазгодогу эл аралык саммитте өлкөнүн алдыдагы өнүгүү милдеттемелерин камтыган планды сунуштаган. Ага ылайык климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу үчүн дээрлик жети миллиард доллар керектелери белгиленген. (BCh)

XS
SM
MD
LG