Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:23

"Тазалык" ишканасы көчө шыпырган жабдыктарды сынап көрөт


"Тазалыкка" берилген көчө шыпырган жабдык.
"Тазалыкка" берилген көчө шыпырган жабдык.

Бишкектеги "Тазалык" муниципалдык ишканасына MEP ECOVAC үлгүсүндөгү үч көчө шыпыруучу жабдык берилди. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, долбоор сыноо этабынан өткөн соң мындай жабдыктар сатып алынат.

Жакында Бишкек мэриясы "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоо жана ишин жеңилдетүү үчүн электр кубаттагыч менен жүрө турган автоунаа сатып ала турганын кабарлаган болчу. Анда сыноо катары KAMI электр жүк ташуучу унаанын бирөө бекер берилери, бул электр унаасы Бишкекте кураштырыла турганы айтылган. Сыноодон өткөрүп, эгер натыйжалуу болсо мындай унааларды сатып алууну караштырып жатат.

2021-жылдын декабрь айынан бери эле Бишкекте “Тазалыктын” үч жумушчусу көчө тазалап жаткан учурда машине коюп кетип каза болгон. Бул окуялар коомчулукта кызуу талкуу жаратып, ишканага атайын техника сатып алуу жана элден акча чогултуу демилгеси көтөрүлгөн. Шаар жетекчилиги маселени чечүү жолдорун караштырып жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG