Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

Төкмө акын Болот Назаров соттун чечими менен үй камагына чыкты


Болот Назаров журналисттер менен. 22-январь, 2022-жыл. Бишкек.
Болот Назаров журналисттер менен. 22-январь, 2022-жыл. Бишкек.

Төкмө акын Болот Назаров 23-январдын түнү соттун чечими менен шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайынан үй камагына чыкты. Аны тарапташтары тосуп алышты.

Буга чейин аны Бишкек шаардык милициясынын имаратынан аны ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда сотко алып кетишкен.

Абдиев журналисттерге сотто анын кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, андан кийин үй камагына чыгарыла турганын билдирген.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, Свердлов райондук соту Назаровдун кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты. Мындан тышкары судья Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматынын жооптуу адамдары Кылмыш-процессуалдык кодексинин эрежелерин бузганы аныкталганы боюнча аныктама чыгарды.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүп жатышат.

Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде мурдараак бошотулду.

Жакында Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган.

Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда.

Айыптар жана беренелер боюнча мындан башка расмий маалымат азырынча жок.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына бир нече ай мурда "Эки дос", "Камчыке, кара калкыңды" деген чыгармаларын жарыялаган, анда өлкө жетекчилеринин сүрөт, видеолору көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG