Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:27

Милиция: Болот Назаров үй камагына чыгарылды


Болот Назаров.
Болот Назаров.

Төкмө акын Болот Назаров камактан бошотулду. Бир нече мүнөт мурда Бишкек шаардык милициясынын имаратынан аны ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин коштоосунда алып чыгышты.

Абдиев журналисттерге "Азыр сотко алынып баратат, мыйзамдуулугун текшергенге. Үй камагына чыгарылды. Ал жерде 15-20 мүнөт болот, андан кийин үйүнө кетет" деп билдирди.

Назаров өзү аны колдоп, милициянын жанында акция өткөрүп жаткандарга ыраазылыгын билдирип, "Ак ийилет, сынбайт" деп айтты.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өтүп жатышат.

Темиров эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бир аз мурдараак бошотулду.

Жакында Темиров жемкорлук тууралуу, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган иликтөөсүн жарыялаган.

Ташиев 23-январда маалымат жыйын уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун, Темировго да, Назаровго да маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда.

Айыптар жана беренелер боюнча мындан башка расмий маалымат азырынча жок.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына бир нече ай мурда "Эки дос", "Камчыке, кара калкыңды" деген чыгармаларын жарыялаган, анда өлкө жетекчилеринин сүрөт, видеолору көрсөтүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG