Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Болот Темиров: Болот Назаровду эки, мени бир берене боюнча күнөөлөп жатышат


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров чогуу иштешкен төкмө акын Болот Назаровду эки, өзүн бир берене менен күнөөлөп жатышканын 23-январда камактан бошотулгандан кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты:

“Аныкы эки эсе оорураак. Бирок, эң негизгиси, ак ийилет, бирок сынбайт”.

Темиров аларга каршы арыз Адылбек кызы Айпери атуу жарандан түшкөнү белгилүү болгонун, өзү андайды тааныбай турганын, көргөн эместигин билдирди.

Темировдун айтымында, тинтүү учурунда кеңседе маңзат табылган жок:

“Биздин кеңседе компьютерден башка андай нерсе жок. Бар болсо табат эле. Ит менен издешти. Тапкан жок”.

Темировду жана Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен. Кеңседе тинтүү жүргүзүлүп, компьютерлерди алып кетишкен.

Адвокат Нурбек Токтакунов кылмыш иши Жазык кодексинин 287-беренеси (Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга көндүрүү) менен козголгонун айткан.

Айыптар жана беренелер боюнча мындан башка расмий маалымат азырынча жок.

Темиров 23-январда түштөн кийин бошотулду. Андан мурдараак ИИМ өкүлү ал эч жакка кетпөө тууралуу тилкаттын негизинде бошотулуп жатканын айткан.

Назаров 48 саатка милициянын убактылуу кармоочу жайына камалганы белгилүү болду. Анын бөгөт чарасы азырынча карала элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда пресс-конференцияда наркологиялык текшерүүдөн Темировдун анализи таза, Назаровдуку таза эмес чыкканын айткан.

Адвокат Токтакунов Темировго да, Назаровго да кармоо учурунда маңзатты атайылап салып коюшканын айтууда. Күч органдары буга жооп бере элек.

Жакында Темиров УКМК башчысы Ташиевдин туугандарына байланыштуу жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялаган.

Ташиев 23-январдагы пресс-конференцияда мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтты.

Төкмө акын Болот Назаров "Ютуб" каналына бир нече ай мурда "Эки дос", "Камчыке, кара калкыңды" деген чыгармаларын жарыялаган, анда өлкө жетекчилеринин сүрөт, видеолору көрсөтүлгөн.

ИИМдин маалыматына караганда, Темиров да, Назаров да кылмыш иши боюнча шектүү катары өтүп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG