Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


22-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак жана тоңголок болушу күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2…7;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…-5 күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…4;

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-1;

Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 5…7 градус жылуу болот. (МТа)

XS
SM
MD
LG