Энергетика министрлиги Орусиянын "Росатом" корпорациясы менен биргеликте Кыргызстанда чакан атом электр станциясын куруу боюнча меморандумга кол койду. Мындай маалыматты алгач орусиялык ишкана таратып, кыргыз тарап ырастады. Бирок Энергетика министрлиги бул жөн гана ниет экенин билдирди.
Кыргызстандын аймагында чакан атомдук электр станциясын куруу боюнча меморандумга кол коюлганын Орусиянын мамлекеттик «Росатом» корпорациясы 19-январда жарыялады.
Документке Дубайда өтүп жаткан "ЭКСПО-2020" көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын энергетика министри Доскул Бекмурзаев менен корпорациянын башкы директору Алексей Лихачев кол койгон.
Анда Кыргызстандын аймагында RITM-200N реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу пландаштырылып жатканы айтылат.
«Росатомдун» расмий сайтында Лихачевдун "Кыргызстанда мындай атомдук электр станциясын куруу өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгына гана салым кошпостон, калктын жашоо сапатына жана бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнүн илимий-техникалык потенциалынын өнүгүшүнө таасир этет", - деген билдирүүсү да жарыяланган.
Бул маалымат Кыргызстанда талкуулана баштагандан кийин өлкөнүн Энергетика министрлиги түшүндүрмө таратты.
Министрликтин маалымат катчысы Жийде Зоотбекованын айтымында, эки тараптуу кызматташуу жолдору талкууланып жатканда чакан АЭСти биргелешип куруу мүмкүнчүлүгүн ар тараптан иликтеп-талдап көрүү каралган.
"Азыркы этапта кыргыз тарап РИТМ-200Н реактордук станциясынын базасында орусиялык окумуштуулардын келечектүү өнүгүүсүн изилдөөгө гана кызыкдар экенин билдирди. Кыргызстандын аймагында атомдук электр станциясын куруу чечими мыйзамда талап кылынган көп тараптуу экспертизанын бардык процесстерин, биринчи кезекте экологиялык коопсуздукту, техника-экономикалык негиздемени иштеп чыгууну жана бекитүүнү камтыган кыйла узак процесстен кийин кабыл алынат. Бул жалпы элдик талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында макулдашуунун бардык этаптарынан өтүү".
Зоотбекова мыйзам, экспертизалар, экологиялык коопсуздук өңдүү жагдайлар эске алынган жана узакка созулган жараяндын негизинде гана АЭС куруу чечими кабыл алынышы мүмкүн экенин кошумчалады.
Мындай жол менен кыргыз өкмөтү атомдук станция куруу азырынча ниет гана экенин так кесе айтты.
Ошентсе да, сууга бай, бирок канча жылдан бери ири ГЭСтерди кура албай келген Кыргызстанда АЭС куруу кыялы канчалык орундуу жана реалдуу деген суроо талкууланып жатат.
Энергетика министринин мурдагы орун басары Райымбек Мамыровдун айтымында, азыркы шартта Кыргызстанга атомдук станция курууга муктаждык жок.
"Кыргызстанда Атомдук электр станция курууга муктаждык жок. Себеби, кайсы аймакты караба суу ресурстары, ГЭСтерди курууга мүмкүнчүлүк бар. Менин оюмча, бул Орусия тараптан айтылган сөз болуп жатат. Анткени, "Росатомго" бул өз продукциясын жарнамалоо үчүн керек. Буга чейин Казакстан, Өзбекстанга курабыз деп жарыялашкан. Ошолордун катарында Кыргызстанга курабыз деп, биздин продукцияга кызыккандар көп дегенди көрсөткүсү келип жатат окшойт".
Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев болсо Кыргызстан мүмкүнчүлүктү пайдаланып, ГЭС куруу боюнча ишти колго алыш керек деп эсептейт.
"Негизинен Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы абдан чоң. Азыр болгону ушул ресурстун 8-10 пайызын пайдаланып, 15 миллиард кВт. саат электр энергиясын иштеп чыгып жатабыз. Болбосо, 135-140 миллиард кВт. саат электр энергия иштеп чыгууга потенциал бар. Ушундай шартта АЭС курабыз дебей, ГЭСтерди курууга аракет кылсак максатка ылайык болмок. Бул арзан жана экологияга зыяны аз".
Чынында эле ГЭСтерди куруу маселеси канча жылдан бери эле көтөрүлүп келет. Анын ичинде Орусия менен бирге Камбар-Ата 1, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге кол коюлуп, бирок курулушу башталбай жатып, үзгүлтүккө учураган.
Андан бери кыргыз бийлиги бул объекттерге инвестор издегенин айтканы менен азырынча майнап чыга элек.
Жакында энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан "Камбар-Ата 1 ГЭСин" өз эсебинен куруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканын билдирген.
Кыргызстанда ушул тапта энергетикалык кризис өкүм сүрүүдө. Быйыл өлкөдөгү эң ири "Токтогул" суу сактагычына мурдагыга караганда суу аз топтолду. Ушу тапта объектте 9 млрд. 550 метр куб суу турат.
Мындай абалдан чыгуу үчүн жаңы ГЭСтерди куруу, энергиянын альтернативдүү булактарын пайдалануу жолдору айтылып келет.